Биз социалдык тармакта

Министр Кулубаев ТМУнун башкы катчысы менен жолукту

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Омуралиев менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Жолугушууда Омуралиев 6-ноябрда Бишкекте өтө турган мамлекет башчыларынын кеңешинин жана ТИМ кеңешинин кезектеги жыйындарына көрүлүп жаткан даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Кулубаев алдыдагы иш-чаралардын мазмунун сапаттуу даярдоонун маанилүүлүгүн жана ТМУга мүчө-мамлекеттердин ортосунда документтердин долбоорлорун тез арада макулдашуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары тараптар алдыдагы мезгилге ТМУдагы Кыргызстандын төрагалыгы боюнча пикир алмашып, төрагалыктын алкагындагы иш-чаралардын планын талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Уюмдун алкагында алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мындан аркы биргелешкен иштерге өз ара даярдык белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан