Коңшу Казакстандын Талгар шаарындагы 16 жаштагы Шерзат Болаттын резонанстуу өлүмүнөн кийин "Хуторские" деп аталган кылмыштуу топтун лидери делген Хасан Касымбаев кармалды. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Анын кармалышынын себептери тууралуу расмий маалымат азырынча айтыла элек. Социалдык тармакта анын кармалгандыгы тууралуу билдирүүлөр бүгүн, 4-ноябрь күнү эртең менен гана пайда болду.
4-октябрда Талгардагы Азат айылындагы жергиликтүү дүкөнгө агрессивдүү кардар келип, аны менен кызматкерлер жаңжалдаша кетишкен. Ал учурда дүкөнгө атасын көргөнү келген 16 жаштагы өспүрүм дагы болгон. Чырга өспүрүм дагы аралашкан.
Жаңжалдан кийин кардар болуп келген жаран досторуна телефон чалып, окуя болгон жерге анын достору келип, тапанча жана бычак менен балага, анын атасына жана агасына кол салышкан. Өспүрүм каза болгон.
12-октябрга караган түнү өспүрүмдүн үйүнөн өрт чыгып, имарат толугу менен күйүп кеткен. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери күнү-түнү нөөмөт уюштуруп, баланын үй-бүлөсү коопсуздук менен камсыз болгон.
Жергиликтүү тургундар өспүрүмдү сабап өлтүргөндөр "Хуторские" аттуу уюшкан кылмыштуу топтун балдары экенин, анын башчысы дал ушул Хасан Касымбаев экенин айтышкан. Кийинчерээк ал билдирүү жасап, мунун баарын “каралоо” деп атаган.