Сауд Арабиянын түндүк аймактарында тарыхта биринчи жолу калың кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мындан бир нече күн мурда Сауд Арабиянын түндүгүндөгү Аль-Жауф районунда мөндүр аралаш катуу жаан жааган. Ал эми 2-ноябрда тоолуу аймактарына кар түшкөн.
Өлкөнүн бул бөлүгүндө абанын температурасы сейрек гана төмөндөйт, ошондуктан жаан-чачын жана кардын жаашы жергиликтүү тургундар үчүн күтүүсүз болгон.