Испанияда суу ташкынынан улам каза болгондордун саны 214кө жеткенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Өлкө бийлиги кырсыктан каза тапкандардын сөөгүн издөө иштери уланып жатканын, бүгүнкү күндө 67 адамдын өздүгү такталганын маалымдаган. Ошондой эле издөө иштери жүрүп жаткандыктан бул сан дагы өсүшү мүмкүндүгүн кошумчалаган.
Белгилей кетсек, 29-октябрда Испанияда нөшөрлөгөн жамгыр жаап, суу ташкынына алып келген.