Москванын четиндеги "Крокус Сити Холл" борборундагы теракт боюнча иликтөөнүн алкагында Ингушетиянын төрт тургунуна кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, терактка байланыштуу Ингушетиянын Хусейн Медов, Жабраил Аушев, Хаваж-Багаудин Алиев жана Батыр Кулаев аттуу тургундарына кылмыш иши козголгон.
Алар курал-жарак жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүү боюнча айыпталууда. Тергөө кармалгандар концерттик залда болгон кол салуунун уюштуруучулары менен байланышы бар экенин аныктаган.
"Концерттик залдагы массалык ок атуудан бир нече жума мурун тажикстандыктар бул кармалган Ингушетиянын тургундары менен байланышышкан", - деп билдирди Орусиянын Тергөө комитети.
Кошумчалай кетсек, айыпталгандардын бири 32 жаштагы Хусейн Медов мыйзамсыз курал-жарак сатуу менен системалуу түрдө алектенип жүргөнү белгилүү болгон. Ыкчам маалымат боюнча, ал тажик шериктеринин өтүнүчү менен Калашников автоматтарын жеткирүүнү камсыздаган. Террорчулар дал ушул автоматтан концерттик залда ок чыгарышкан.
Белгилей кетсек, 22-мартта Орусиянын Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, дагы 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.