"Реалдын" оюнчулары Килиан Мбаппеге жинденишкени айтылды

Испаниянын "Реал Мадрид" клубунун оюнчулары атактуу чабуулчу Килиан Мбаппеге нааразы болушууда. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, "Реалдын" оюнчулары Мбаппе коргонууга жардам бербей жатканына жинденишкен. "Барселона" менен болгон оюнда Мбаппе болгону 8 гана чакырым чуркаган. Дал ушул оюндан кийин кийим чечүүчү бөлмөдө бул боюнча нааразычылык сөздөр айтылган.

Мындан улам башка оюнчулар коргонууга көбүрөөк жардам бериши керек. Негизги "курмандык" Жуд Беллингем болгон. Ал азыр мурункуга караганда алда канча көп чуркап, оюн алып барууда. Команда Килиан Мбаппени сындап, коргонууда ойноо дагы маанилүү экенин түшүнүшүн каалайт.

27-октябрда өткөн "Реал Мадрид" - "Барселона" оюнунда каталондук клуб 4:0 эсебинде жеңишке жеткен. Дал ушул оюнда Мбаппе эң көп офсайдда калып калган футболчу болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан