Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан активист Айтилек Орозбеков 2025-жылдын 1-январына чейин СИЗОго камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2-ноябрдагы токтому менен УКМКнын тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Тагыраагы, активистке 2025-жылдын 1-январына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алынган.
Активист Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга чакырык” беренеси боюнча айыпталууда.