Эми жайкы дөңгөлөктөр менен жүргөндөр алыскы аймактарга чыгарылбайт

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы алыскы аймактарга каттаган жана жалпы айдоочуларды мындан ары кышкы дөңгөлөктөр менен гана жүрүүнү эскертет.

Ага ылайык, алыскы аймактарга каттаган айдоочулар унааларынын дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырбай жолго чыкса, “Сосновка”, “Чычкан”, “Арал” көзөмөл өткөрмө жайларынан унаалар өткөрүлбөйт.

"Андыктан жолго чыгарда жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөктөргө алмаштырып, унаанын техникалык абалына көңүл буруп, каршы тилкеге чыкпастан, алдыдагы унаа менен болгон аралыкты сактап, сөзсүз түрдө дөңгөлөккө оролуучу чынжырларды же кошумча дөңгөлөктөрдү алып алууну эскертебиз", - деп эскертти мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан