Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ырдагандан кийин белгилүү болгон Бегимай Турусбекова Орусиянын Москва шаарында өтүп жаткан “Царица” аттуу вокалдык шоу-сынакка катышып жатат. Бул тууралуу ал Инстаграм баракчасында билдирди.
"Урматтуу, элим! Учурда Москва шаарында “Царица” аттуу вокалдык шоуго катышып жатам. Ата-энемди, бир туугандарымды, мени колдоп ар дайым жанымда жүргөн жолдошумду, анан дагы эң башкысы кыргыз жеримди, элимди уят кылбайын деп, болгон күчүмдү жумшап жатам. Өз кызыңыздарды колдоп туруңуздар", - деген ал.
Аталган сынак эл ичиндеги таланттарды таанытуу максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.
Белгилей кетсек, учурда Бегимай Турусбекова бир нече кинолордо роль жаратып, ырчылыкка дагы кадам таштаган.