Камчыбек Ташиев Нарында үч эм төрөгөн келинге үч бөлмөлүү батир берди (фото)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарына болгон иш сапарынын алкагында 25-октябрь күнү Нарын шаарында үч эм кызды жарыкка алып келген Алтынай Майрамбековадан жана кыздарынан кабар алды.
Ал жарыкка келген кыздарга өмүр, ден соолук каалап, ата-энесине күч кубат, бактылуу үй-бүлө болушун тилек кылып, көп балалуу болууга үндөдү. Аны менен катар эле президенттин атынан 500 миң сомдун жана Нарын шаарында салынып жаткан Мамлекеттик ипотекалык үйдөн үч бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Мындан тышкары үч эм кызга коляска, оюнчук, чоң энесине, таенесине жана төрөттү кабыл алган дарыгерине гүл белек кылды.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт үйүнүн Наристелер бөлүмүн башчысы Гүлмира Алыбаеванын айтуусунда, кыздарга Ажар, Анара, Саадат деген ысымдар коюлган. Учурда эне-балдардын абалы тутуктуу, эне сүтү менен багылууда. Биринчи кыз – 2 килограмм 320 грамм, экинчи кыз – 2 килограмм 472 грамм, үчүнчү кыз – 1 килограмм 620 грамм салмак менен төрөлгөн. Үч эм кыз жаш үй-бүлөнүн биринчи балдары.
Нарын шаарында мындан 16 жыл мурун үч эм балдар төрөлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан