Тоолуу райондордо кар жаайт. Эртеңки күнгө карата аба ырайы

Эртең, 5-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Маалымдалгандай, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +11…+16,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +10…+15,

Баткенде түнкүсүн +6…+11, күндүз +13…+18,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19,

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16.

"Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +14…+16 градус жылуу болот", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан