Коргоо министрлиги Орусиянын Аскер академиясы менен кызматташат

29-октябрдан 1-ноябрга чейин Кыргызстандын Коргоо министрлигинин делегациясы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясында иш сапарда болушту. Бул тууралуу кечээ, 4-ноябрда Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, Кыргызстандын делегациясында коргоо министрлигинин илимий-изилдөө инновациялык борборунун башчысы Талгат Саалаев, аскердик билим берүү жана илим башкармалыгынын башчысы Канагат Уразбеков, аскер институтунун башчысы Иман Мамбетсеитов болду.

Анда алар Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер академиясынын окуу-материалдык базасы менен таанышты.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуу жайдын ортосунда аскердик билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ушул меморандумдун долбоору 2023-жылдын 28-ноябрында Аскер институтунда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын Аскер академиясынын башчысынын орун басары Коржевский жетектеген делегация өкүлдөрү менен макулдашылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан