Коңшу Өзбекстанда 34 жаштагы эне 9 жаштагы кызынын бетин жана колун ысык ашкана депкири менен күйгүздү. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалым болгондой, кыз учурда райондук ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, ага бардык керектүү медициналык жардамдар көрсөтүлүүдө. Жаракаттарды аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Бул факты боюнча "Үй-бүлөлүк зомбулук" беренеси менен кылмыш иши козголду. Өлкөнүн балдар акыйкатчысы кырдаалды көзөмөлгө алды.