Кыргызстанга Венгериянын премьер-министри Виктор Орбан расмий сапар менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Венгриянын премьер-министрин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Анда Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын ортосунда жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Анын жүрүшүндө кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири маселелери талкууланып, эки тараптуу кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлат.
Белгилей кетсек, Виктор Орбан 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине да катышат.
Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Түркиянын, Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.