“Грэмми” сыйлыгын 28 жолу алган Майкл Жексондун продюсери каза болду

Америкалык композитор жана продюсер Куинси Жонс 91 жашында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

"Бул биздин үй-бүлөбүз үчүн чоң жоготуу. Бирок ал жакшы өмүр сүрдү, биз аны майрам катары кабыл алып, мындай талант кайра жаралбай тургандыгын так кесе айта алабыз”, - деп билдирген жакындары.

Маалымдалгандай, музыкант 3-ноябрдын кечинде Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон.

Маалымат үчүн: Куинси Жонс 1933-жылы 14-мартта Чикагодо төрөлгөн. 1950-жылдары Бостондогу "Шлингер" үй музейинде окуп жатканда аны таштап, Нью-Йорк көчүп кеткен. Ар кайсы музыкалык топтордо иштеп жүрүп, “Mercury Records” үн жаздыруучу компанияга чакуруу алган.

Андан соң бир нече ырчыларга продюсер болгон. 1970-жылдан тарта Майкл Жексон менен иштеп баштаган. Ал Жексонго дүйнөлүк атак алып келген “Off the Wall”, “Thriller” жана “Bad” альбомдорун биргеликте чыгарган.

Музыкалык карьерасында Куинси Жонс 80 жолу “Грэмми” сыйлыгына көрсөтүлүп, 28 жолу статуэтканын ээси болгон. Ал ошондой эле 50дөн ашык тасмаларга жана телеберүүлөргө саундтректерди жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан