Бишкекте Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык кечеси өтөт

Бишкекте 27-28-ноябрь күндөрү өлкөнүн Эл артисти Түгөлбай Казаковдун чыгармачылык концерти өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады.

Маалымдалгандай, аталган концертке белгилүү өнөрпоздор катышып, Түгөлбай Казаковдун обондорун аткарышат. Ырчыларды Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Эл аспаптар оркестри коштойт.

Иш-чара Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында саат 19:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Түгөлбай Казаков “Жамгыр төктү”, “Элегия, “Сүйүү жазы”, “Жыйырманчы жаз”, “Алтын балалык”, “Эстелик”, “Коштошуу” өңдүү бир канча белгилүү обондорунун жана “Жамгыр”, “Эсимде 1,2,3” китептеринин автору.

Уюштуруучулар күйөрмандар сатып алган ар бир билетке автордун “Эсимде” китеби кошо белекке берилерин кошумчалап өтүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан