SUPER.KG порталынын Ютуб каналынын бул жолку коногу ырчы Ильяз Андаш болду. Ал маек берип жатып балалыгындагы оор күндөрүн, ырчылыкка таштаган алгачкы кадамдарын жана чыгармачылыктагы жаңылыктары менен бөлүшүп өттү.
Ырчы ыр тандоодогу талаптарын айтып жатып "ыр жүрөгүмдөн чыкпаса ырдай албайм" дейт.
"Ушул ырды ырдап көрсөң" деп берип калышат, эгер мага ыр жакпаса ырдабайм. Мен ырды жактырышым керек, жүрөгүмдөн түнөк табыш керек. Ошондо гана ырдай алам. Учурда 7-8 ырым бар, бирөөлөр тарабынан берилген, бирок ал ырларга купулум толбой чыгара элекмин", - дейт ырчы мырза.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.