Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланы издөө таң эрте башталды

Бүгүн, 5-ноябрда Жумгалда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө 26 адам чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, издөө иши таң эрте башталган. Ага жалпысынан 26 адам, 2 дрон тартылган.

"ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгына караштуу Жумгал райондук бөлүмүнүн куткаруучулары, милиционерлер жана жергиликтүү тургундар издешет", - деп билдирди ӨКМ.

Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип, дайынсыз жоголгон.

Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан