Ким Чен Ындын эжеси Түштүк Корея менен согушуу шартын айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын эжеси, өлкөнүн Эмгекчилер партиясынын Борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары кызматын ээлеп турган Ким Ё Чжон Пхеньян кандай шартта Сеул менен согуш башташы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Бүгүнкү күндө Корей жарым аралында жана аймактагы душмандар менен биздин күчтөрдүн мамилесинин бузулушу дароо эле согушту билдирет. Бул танууга болбой турган объективдүү чындык", - деген ал.

Ал кошумчалагандай, өткөн жылы Түндүк Кореяга каршы 100дөн ашык аскердик машыгуу өткөрүлгөн. Алардын арасында Түштүк Корея, Япония жана Америка Кошмо Штаттарынын биргелешкен машыгуусу дагы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан