"Сосновка" постунан оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, аба ырайынын кескин начарлашынан улам "Сосновка" постунда саат түнкү 02:15тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген болчу.
Ага ылайык, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жайкы дөңгөлөк жана чынжыры жок чыккан унаалар жасалма тыгын менен атайын техникалардын иштешине тоскоолдук жаратып жатканын билдирген.