Кыргызстанда президенттин иш башкармалыгына караштуу "Президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылуу боюнча департамент" мамлекеттик мекемеси түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун "Эркин-Тоо" мамлекеттик гезити бүгүн, 5-ноябрдагы санына жарыялады.
Жарлыкта мындай чечим президенттин администрациясынын жана парламенттин административдик имараттарынын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу, кызматкерлер жана мамлекеттик мекемелерге баргандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кабыл алынганы айтылат.