Республика боюнча дан өсүмдүктөрүн жыйноо иштери жалпы 638 миң 500 гектарга же 95,6 пайыз аянтта жүргүзүлүп, өткөн жылга салыштырмалуу 88,1 миң гектарга көп. Бул туурасында бүгүн, 5-ноябрда Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, буудайды оруп-жыйноо жумуштары толук бүткөрүлүп, 240 миң 500 гектар аянтта аткарылды. Бул өткөн жылга караганда 37 миң гектарга көп.
Ал эми арпа 245 миң 900 гектар аянтта жыйналып, жумуштар бүткөрүлүп отурат. Жүгөрү жалпы 88 миң га аянттан чогултулду.
Кошумчалангандай, быйыл жер-жемиштердин да түшүмдүүлүгү жогорку деңгээлде болду.