Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ата-Бейит тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.
Ошондой эле Түркиянын президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди.