Эртең, 6-ноябрда өлкө аймактарында жаан, ал эми бийиик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +12 ... +17,
Талас облусунда түнкүсүн +5 ... +10, күндүз +10 ... +15,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10 ... +12, күндүз +15 ... +17,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +12 ... +14,
Нарын облусунда түнкүсүн 0 ... +2, күндүз +5 ... +7,
Бишкек шаарында түнкүсүн +8 ... +10, күндүз +14 ... +16 градус жылуу болот.