Кыргызстандык самбо боюнча улуттук курама команда Астана шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш 8-10-ноябрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында спорттук самбо:
Кимал Оболбеков - 58 килограмм,
Адилет Кубаныч уулу - 64 килограмм,
Байэл Жакшылыков - 71 килограмм,
Жандос Эсенгазиев - 79 килограмм,
Жамал Асылбек уулу - 88 килограмм,
Орозбек Алмазбеков - 98 килограмм,
Искендер Саралаев - 98 килограмм.
Эркектер арасында күжүрмөн самбо:
Асан Каландаров - 58 килограмм,
Саяк Бараканов - 64 килограмм,
Курманбек Замирбек уулу - 71 килограмм,
Абдувахап Абдуллаев - 79 килограмм,
Бектен Эркебай уулу - 88 килограмм,
Бекболсун Керимбеков - 98 килограмм,
Кыз-келиндер арасында спорттук самбо:
Канышай Аманкулова - 50 килограмм,
Акак Үсөн кызы - 54 килограмм,
Аида Асанбекова - 59 килограмм,
Динара Камчыбекова - 72 килограмм.
Кыз-келиндер арасында күжүрмөн самбо:
Канышай Аманкулова - 50 килограмм,
Акак Үсөн кызы - 54 килограмм.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаев жана машыктыруучу Ильгиз Каналбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.