Ильхам Алиев Бишкекке келди. Аны кандай тосуп алышты? (фото)

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын башчысын “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Ильхам Алиев Кыргызстанга эртең, 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи саммитине катышуу үчүн келди.

Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлдөрүнүн башчылары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан