Бүгүн, 5-ноябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен болгон кеңейтилген форматта жолугушту.
Сүйлөшүүлөр эки өлкө лидерлеринин төрагалыгы алдында Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңештин алтынчы отурумунун алкагында өттү.
Садыр Жапаров тар форматтагы жолугушууда саясат, экономика, инвестиция, билим берүү жана башка тармактардагы бир катар маселелерди талкуулагандыгын белгиледи.
"Эки өлкөнүн ортосундагы ишенимдүү жана ачык стратегиялык диалог күн тартипте турган ар түрдүү маселелерди чечүүдө жардам берип келүүдө.
Быйыл Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 33 жыл толду. Тарыхый ченем менен алганда мындай кыска мөөнөттүн ичинде өлкөлөрүбүз эки тараптуу байланыштарды тереңдетүү жана кеңейтүү жаатында чоң ийгиликтерге жетишишти.
Бүгүнкү өзгөрүлүп жаткан дүйнөлүк системанын алкагында Түркия Кыргызстан үчүн маанилүү өнөктөш болуп саналат. Учурда өлкөлөрүбүздүн ортосунда жалпы камтуучу стратегиялык кызматташтык мамилелерин орнотууга мезгил бышып жетти деп ойлойм. Бул кадам мамлекеттерибиздин түпкү таламдарына жооп берет жана эки тараптуу форматта да, эл аралык аренада да өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мазмунун жана мүнөзүн аныктайт деп ишенем.
Буга чейин биз сиз менен өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын макулдашканбыз. Бул максатка жетүү үчүн өлкөлөрдүн ортосундагы соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнүн маанилүүлүгүнө, өзгөчө Кыргызстанга жеңилдиктерди берүү боюнча маселеге көңүлүңүздөрдү бурам.
Атап айтканда, биз Түркиянын жалпы преференциялар системасын изилдеп чыгып, анда Кыргызстандын негизги экспорттук кээ бир товарлары боюнча кандайдыр бир жеңилдиктер жоктугун аныктадык.
Ушуга байланыштуу, Кыргызстандан экспорттоого багытталган товарларга жеңилдетилген бажы тарифтерин киргизүүнү суранам", - деп белгиледи Садыр Жапаров.