Махачкалада болгон бороондон улам 10 миң адам электр жарыгысыз калды.
Ал эми бир жергиликтүү тургун жаракат алып, ооруканада оор абалда жатканы маалым болгон.
Шамал дарактарды кулатып, унаалардын, үйлөрдүн айнектерин сындырып, курулуштардагы бетондорду учуруп кеткен. 15тен ашык унаа жабыркаган. Балдар ойноочу аянтчаларга бак-дарактар кулаган.