"Реакция кылгым келбейт". Шакиев өзүнө айтылган сындарга жооп берди

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өзүнө карата айтылып жаткан сындарга реакция кылгысы келбегенин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда журналисттер менен болгон жолугуушусунда айтканын парламенттин маалымат кызматы билдирди.

"Мен жөнүндө интернет баракчаларында ар кандай кептер жүрүп, ушак-айыңдар менен катар түрдүү сындар айтылып жатканын билем. Бирок депутат, ошондой эле мурда журналистика тармагында эмгектенген инсан катары айтылган кептерге реакция кылгым келбейт. Мен мамлекетимдин өнүгүшү жана келечеги үчүн ар кандай сындарга кайылмын", – деген төрага.

Эске салсак, Шакиев 25-октябрда Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүүнү сунуштаган болчу. Анын демилгеси коомчулукта кызуу талкууга алынып, төрагага карата ар кандай сын-пикирлер айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан