Бишкек мэриясы жолдорду жана тротуарларды капиталдык оңдоо боюнча башталган бардык иштерди аягына чыгарууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Ага ылайык, Волков көчөсүндөгү жолчулар Садыгалиев көчөсүндөгү тротуарды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүштү.
Учурда Садыгалиев көчөсүндө Волков көчөсүнөн 54/5 үйүнө чейин жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады.
"Бул участоктордо эски асфальтты сыйруу, демонтаждоо, жол жана тротуардын таман таштарын орнотуу, негизин даярдоо жана асфальтбетон катмарын төшөө иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.