Түркиянын батышындагы Измир провинциясынын Алиага районундагы “Tupras” мунай иштетүүчү заводунда жарылуу болуп, кеминде төрт киши каза болду. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, кырсык мунай сактоочу жайда, оңдоо иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Жарылуудан кийин өрт чыгып, аны өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Алиага райондук администрациясынын башчысы Байрам Йылмаздын басылмалардын бирине дагы эки киши жаракат алганын айткан. Ошондой эле анын айтымында, кырсык көптөн бери иштебей турган мунай сактоочу жайды оңдоо учурунда болгон, сырттан чабуул болгон эмес.