Бүгүн, 5-ноябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Ибрагим Калын менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Ташиев эки өлкө ортосундагы көп тараптуу кызматташтыктын манилүүлүгүнө токтолуп, өзгөчө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Түркиянын Улуттук чалгындоо уюму менен биргеликте ар тараптуу атайын иш-чараларды уюштуруп, алар ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткандыгын баса белгиледи.
Ошондой эле ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгүнө токтолуп, мындай жолугушуулар эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгын кеңейтүүгө чоң салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Өз кезегинде Ибрагим Калын жылуу тосуп алуу жана меймандостук үчүн кыргыз элине ыраазычылыгын билдирип, Түркиянын лидеринин Кыргызстанга болгон сапары алар үчүн да өтө маанилүү экендигин айтып өттү.
Ал өз сөзүндө Кыргызстандын улуттук коопсуздугун камсыз кылууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин орду чоң экендигин белгилеп, өлкөдөгү уюшкан кылмыштуу топторду жоюу жана аларды каржылоо фактыларын жок кылуу аракеттерин жана чек ара маселесин чечүүдөгү чечкиндүү кадамдарды мисал келтирди.