Токтогул районунда адам өлтүүрүүгө шектелип 62 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда Кара-Көл шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын 37 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал 19-октябрь күнү саат 17:00 чамасында 48 жаштагы жолдошу өзүнүн 2 таанышы менен бирге Токтогул районундагы 8-Кашар жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аталган факты каттоого алынып, ишти тергөө Токтогул РИИБине өткөрүлүп берилген.
Милиция кызматкерлери дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө учурунда Токтогул районунун Кара-Суу дарыясынын жээгиндеги дарактын бутактарына илинип турган жансыз денени табышкан. Маркум киши колдуу болуп каза болгондугу белгилүү болгон. Мындан улам жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары Кара-Көл шаарынын 62 жаштагы тургуну кармалган. Ал мурда соттолгону аныкталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөөдө шектүү өзүнүн жасаган кылмышын моюнуна алып, маркум менен пикир келишпестиктен улам уруша кеткенин, андан соң аны балта менен башка чаап өлтүрүп алып, сууга ыргытып жибергенин айткан.
Учурда тергөө иштери уланууда.