Өлкө башчы Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганга аргымак белек кылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда таркалууда.
Видеодо эки өлкөнүн мамлекет башчылары канайымдар менен биргеликте аргымакка жем берип жатканын көрүүгө болот.
Ал эми буга чейин түрк лидери Садыр Жапаровго TAGG үлгүсүндөгү автоунаа белек кылган.