Нарын дарыясына түшүп кеткен кызды издөө иштери уланууда 

Нарын дарыясына түшүп кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн, 6-ноябрда жалпы 44 куткаруучу тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 15 куткаруучу, ИИМден 22 кызматкер, 7 жай тургун болуп, жалпы 44 адам тартылды.

Белгилей кетсек, Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан