Израилдин премьер-министри коргоо министри Йоав Галантты кызматтан алды

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөнүн Коргоо министрлигинин башчысы Йоав Галантты кызматтан алды. Израилдин премьер-министри аны менен коргоо министринин ортосунда олуттуу пикир келишпестиктер пайда болгонун билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Галанттын ордуна премьер-министр Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кацты дайындоо жөнүндө чечим кабыл алды. Тышкы иштер министрлигинин жаңы жетекчиси болуп Гидеон Саар келет.

"Согуш убагында премьер-министр менен коргоо министринин ортосундагы толук ишеним болуп көрбөгөндөй талап кылынат. Тилекке каршы, өнөктүктүн алгачкы айларында ушундай ишеним болуп, абдан жемиштүү иштер аткарылганына карабастан, акыркы айларда Коргоо министрине болгон бул ишеним бузулду", - деди Нетаньяху. Израилдин премьер-министринин айтымында, өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү ушундай пикирде.

Йоав Галант өлкөнүн Коргоо министрлигинин жетекчилигинен бошотулушун палестиналык "Хамас" кыймылынын Израилге кол салышын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын түзүлүшү, Газа тилкесиндеги барымтадагыларды бошотуу боюнча талаш-тартыштар менен түшүндүрдү.

Галант Коргоо министри кызматын 2022-жылдын декабрынан бери аркалап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан