Бишкекте түрк мамлекеттер уюмунун саммити башталды 

Бишкекте бүгүн, 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-саммити ишин баштады.

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин башчылары, атап атканда президент Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын лидери Ильхам Алиев, Казакстандын башчысы Касым-Жоомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрү болгон Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышууда.

Саммит ишин президент Садыр Жапаров ачып, борбордо өтүп жаткан кеңеш Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына туш келгенин белгилеп өттү.

Саммит “Түрк дүйнөсүнүн күчтөнүшү: Экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, санариптик келечек жана бардыгы үчүн коопсуздук” аталышында өтүүдө.

Иш-чаранын алкагында өлкөлөрдүн лидерлери көп тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулап, Уюмдун учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат. Ошол эле учурда бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде саммиттин жыйынтыктоочу декларациясына кол коюшат.

Саммиттин жыйынтыгы боюнча 2025-жылга Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өтөт.

Иш-чара "Ынтымак Ордо" имаратында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өтүүдө.

Белгилей кетсек, ТМУ - түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирген эл аралык уюм. Уюмга мүчө өлкөлөр: Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркия. Ал эми Түркмөнстан, Венгрия саммиттин ишине байкоочу өлкө катары катышып келет.

Эл аралык уюмдун негизги максаты — кеңешке мүчө мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан