Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз болуп жаткан ата-баланы издөөгө бүгүн, 6-ноябрда жалпы 14 адам тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 7 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 6 адам издөөгө чыккан.
Белгилей кетсек, 16-октябрда Жумгалдын Өрнөк айылында 49 жаштагы
Болот Карыпбеков 9 жаштагы уулу менен мал кайтарганы кетип,
дайынсыз жоголгон.
Алардын аты Көкөмерен дарыясынан табылып, кайтарып жаткан малы чачырап кеткени белгилүү болгон. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери 19-октябрда башталган.