Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин жана инвестиция, энергетика, инфраструктура, туризм сыяктуу түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Акылбек Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, бул уюмдун 11-саммити жакында Бишкекте башталып, төрагалык эстафетасын Кыргызстан алып жатканын белгиледи.
Ал Виктор Орбандын алдыдагы саммитке катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Минкаб төрагасы Будапештте Виктор Орбан менен жолугушууда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Өз кезегинде Виктор Орбан Кыргызстан менен Венгриянын көптөгөн маселелер боюнча, анын ичинде ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, ошондой эле соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча көз караштары окшош экенин белгиледи.
Ал Венгрия Кыргызстандын өнүгүүгө умтулуусун колдой турганын жана эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташуунун артыкчылыктуу секторлорунда тил табышууга даяр экенин белгиледи.
Тараптар Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы достук мамилелер мындан ары да өнүгө берерине ишенимдерин билдиришти.
Мындан тышкары Венгриянын Европа иримдиги кеңешине азыркы төрагалыгын эске алуу менен Кыргызстан менен Евробиримдиктин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.