Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди (сүрөт)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди. Бул туурасында бүгүн, 6-ноябрда Министрлер кабинети маалымдады.

Казакстандын башчысын “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Токаев Кыргызстанга бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги 11-саммитине катышат.

Саммиттин ишине уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан