Саммитке катышуу үчүн өлкө лидерлери "Ынтымак ордого" келишти (сүрөт)

Бүгүн, 6-ноябрда Бишкектеги "Ынтымак Ордо" резиденциясына Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери келишти.

Алгачкылардан болуп ордого Азербайжандын президенти Ильхам Алиев келди. Кадырлуу конокту президент Садыр Жапаров тосуп алды.

Ага удаа резиденцияга Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзёев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан келди.

Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун Мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.

Түрк мамлекеттер уюмунун 11- саммити башталуу алдында турат.

Ага уюмга мүчө беш мамлекет: Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Түркия катышат. Ошондой эле отурумга уюмга байкоочу өлкөлөр - Түркмөнстан, Венгрия бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан