Кечээ, 5-ноябрда ашууларга киргизилген чектөө бүгүн, 6-ноябрда алынды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ кечки саат 23:00дө "Сосновка" постунда оор жүк ташуучу унааларга карата чектөө киргизилген.
Анда Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында кар жаагандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу унаалар чектөөгө алынган.