Бүгүн, 6-ноябрь күнү бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Монтенегродо өткөн Дүйнө чемпиондугунан мекенине кайтып келишти.
Спортчуларды “Манас” эл аралык аэропортунан Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Бокс федерациясынан өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Амантур Жумаев (54 кг) жана Тыныстан Алыбаев (92 кг) Дүйнө чемпиондугунун коло медалына ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучулар Улан Төлөнбай уулу, Рустам Эсенкулов жана машыктыруучулар Бейшенбек Сабатаров, Темирлан Осмонов, Азамат Абдыкеримовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.