Бүгүн, 6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны болуп өттү.
ТИМдин маалыматына ылайык, жыйынга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев төрагалык кылды.
Жолугушууга Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу, Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан, Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиер Саидов, Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто, ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым, ошондой эле түрк институттарынын жетекчилери катышышты.
Жыйындын жүрүшүндө тышкы иштер органдарынын жетекчилери бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү ТМУнун 11-саммитинин жүрүшүндө мамлекет башчыларынын кол коюусуна сунушталган жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун карап чыгып, жактырышты.
Мындан тышкары тараптар ТМУнун алкагында күн тартибиндеги эң актуалдуу маселелерди талкуулашты жана соода-экономикалык, транспорттук, санариптик, климаттык, ошондой эле маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган артыкчылыктуу багыттар боюнча пикир алмашышты.
Аксакалдар кеңешинин төрагасы Б.Йылдырым түрк интеграциясын мындан ары да бекемдөө боюнча ой бөлүштү. Анда ТүркПА, ТҮРКСОЙ Түрк академиясынын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун, Түрк инвестициялык фонду сыяктуу түрк институттарынын, ошондой эле Түрк Соода-өнөр жай палаталарынын жетекчилери өткөн мезгилде аткарылган иштер боюнча баяндама жасашты.
Министр Кулубаев өз сөзүндө 2024-2025-жылдарга Кыргызстандын ТМУдагы төрагалыгынын негизги артыкчылыктарын, ошондой эле аларды жакынкы мезгилде ишке ашыруунун пландарын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар кабыл алынган бардык чечимдерди ишке ашырууга, ошондой эле уюмдун негизги багыттары боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экендиктерин ырасташты.