Орусия менен Украинанын согушу башталгандан бери биринчи жолу учкучсуз учактар Орусиянын Түндүк Кавказдагы аймагы болгон Дагестанга чабуул коюшту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Орусиянын Telegram каналдары жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап, 6-ноябрда таңга маал жардыруу жана ок атылган үндөр болгонун кабарлашты. Кийинчерээк Дагестандын башчысы Сергей Меликов шаардын үстүндө дрон жок кылынганын жарыялаган.
Ал тургундардан "тынчтыкты сактоону, ишенимдүү булактарга гана ишенүүнү" жана дрондун чабуулу тартылган видеону интернетке чыгарбоону суранды.
Жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.