Түркия менен Кыргызстандын канайымдары Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда болушту

Кечээ, 5-ноябрда Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова жана Түркиянын биринчи айымы Эмине Эрдоган Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна барышты. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, алар борбордо дарыланып жаткан энелер жана балдар менен баарлашып, алардын тезирээк сакайып кетишин каалашты.

Андан кийин алар дарыгерлер жана медициналык кызматкерлер менен баарлашты.

Эске салсак, 4-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган биринчи канайым Эмине Эрдоган менен бирге Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан