АКШдагы президенттик шайлоодо республикачы Дональд Трамп өз жеңишин алдын ала жарыялаган соң бир топ өлкөлөрдүн лидерлери куттуктоо жибере баштады. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, биринчи болуп Сальвадордун президенти Найиб Букеле, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Австриянын канцлери Карл Нехаммер, Польшанын президенти Анджей Дуда, Литванын президенти Гитанас Науседа, Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич, Сербиянын президенти Александр Вучич куттуктоо жиберишкен.
Андан соң аларга Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана НАТОнун баш катчысы Марк Рютте кошулду.
Белгилей кетсек, АКШнын президентин шайлоо өнөктүгү кечээ, 5-ноябрда өттү. Алдын ала маалыматтарга караганда Дональд Трамп либералчы Камала Харристен алдыда.