Садыр Жапаров Трампты президент болуп шайланышы менен куттуктады 

Өлкө башчы Садыр Жапаров Дональд Трампты Американын президенти болушу менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Жапаров Кыргызстан менен Америка ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлө турганына ишеним арткан.

"Улуу Мартабалуу, сизди Америка Кошмо Штаттарынын президенти болуп шайланышыӊыз менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздин лидерлик тажрыйбаӊыз жана терең билимиӊиз Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы өз ара урматтоо принциптерине негизделген ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишенем. Биздин элдерибиздин байгерчилиги жана келечеги үчүн биргелешкен ишибиз менен алдыда турган глобалдык чакырыктарды ийгиликтүү жеңип, өнөктөштүгүбүздү жаңы деңгээлге көтөрө алабыз деп ишеним артам.

Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон көп багыттуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз тарабымдан бардык күч-аракетимди жумшай турганымды билдирем", - деп жазылган өлкө башчынын куттуктоосунда.

Ошондой эле Жапаров Дональд Трампка бекем ден соолук, мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми элине тынчтык жана өнүгүү каалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан