Китеп окуп, унаа утуп ал! Өлкөдө китеп окуу боюнча ири сынак жарыяланды

Кыргызстанда биринчи жолу масштабдуу китеп окуу сынагы жарыяланды. Баш байгеге 3 автоунаа, Умра сапарына 40 жолдомо коюлду. Бул туурасында сынактын уюштуруучулары билдирди.

Маалымдалгандай, сынактын негизги максаты – китеп окуу маданиятын жогорулатуу.

Сынакты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети биргеликте уюштурган.

“КИТЕП – НУР” аттуу республикалык китеп окуу сынагына 3 китеп: Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы, “Бакыттын үрөнү” хадистер жыйнагы жана маркум публицист, журналист Бейшенбек Бекешовдун котормосундагы “Сахабалар салган чыйыр жол” китеби тандалып алынган. Ал эми “Адам адеби” китеби 3 китепке кошулуп окулат.

"Сынакка катышуу үчүн үч китептин бирин тандап, катталасыз. Катталуу 2025-жылдын 31-мартына чейин уланат. 2025-жылдын 12-апрелинде жалпы республика боюнча офлайн түрүндө сынак болот.

Байгеге коюлган 3 автоунаа 3 китепке бирден коюлган жана 2-13-орундарга Умра сапарына жолдомо берилет. Андан башка кызыктыруучу сыйлыктар да бар.

Ал эми онлайн катышуучулар үчүн өзүнчө сынак жүрүп, ар бир багыт боюнча баш байгеге бирден гана Умра сапарына жолдомо берилет жана 2-10-орундарга кызыктыруучу белектер коюлган", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат алуу үчүн: 0777 714 700

Катталуу үчүн: 0700 714 700, 0553 714 700

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан