Бишкекте өтүп жаткан Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитинде Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган мамлекет жана өкмөт башчыларына атайын эстелик тыйын тапшырды. Бул тууралуу Түрк президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, эстелик монеталарын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түндүк Кипрдин президенти Эрсин Татар, ошондой эле ТМУнун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жана ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым алды.
Монетанын бир бетинде бардык катышуучу өлкөлөрдүн: Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түндүк Кипр, Венгрия, Кыргызстан жана Азербайжандын желектери, ошондой эле улуу түрк ойчулу Исмаил Гаспралынын "Тилде, ойдо, иште биримдик" тарыхый урааны чагылдырылган.
Монетанын арткы бетинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун туусу жана аталышы, ошондой эле түзүлгөн күнү чагылдырылган.